www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-августка карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +24...+29 градус болот.

Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +35...+37, ал эми Чолпон Атада +23...+25 градуска жетет.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости