www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен окуясына 20 жыл!
Баткен окуясында барымтадагылар туурасында Турсунбай Бакир уулу ой бөлүшөт.
(уландысы)
- А эмне үчүн ал тууралуу эч ким айткан эмес?
- Мен да ошону түшүнбөйм. Бактысы бар экен, Жумабай өзү айтып калып эстетпегенде, калып кете бермек экен. Бирок, азыр эң жакшы мамиле ошол киши менен. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы, катташып турабыз, нары ноокаттык кайнагам да болот экен. Ар бир майрамда Жолчу аке мени куттуктайт. 2000-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо баардык мен барымтадан куткаргандар Кара-Сууга барышкан. Себеби, ал шайлоодо Кара-Суудагы май заводдун директору, Майрам Акаеванын “подружкеси”, “темир катын” каймана аты бар Айзада Манасова мага каршы чыгып, шайлоочулардын баарын акча менен басып салган эле. Ошондо биринчи турдан кийин мени колдошуп мен барымтадан бошоткондордун – генерал менен япондордон башка баары келишип, “Карасуулук туугандар, силер базарга жакынсыңар, билебиз, эми ушу ажы акени да 500 сомго сатасыңарбы? Ажы аке болбосо Баткен окуясында канча адамдын өмүрү кыйылмак, бизди - барымтадагылардагылардын баарын өлтүрүшмөк. Бул киши биздин экинчи атабыз болуп калган” деп, шайлоонун нугун өзгөртүп салышкан.
- Кайрадан окуяга баралы...
- Ооба. Анан 3-гана этапта, япондор менен генералды бошотуп жатканда, жогоруда айтылгандай, Мисир Ашыркуловдун кабинетинде болгон сөз, тагыраагы, 3 миллион доллар “операциясы” иш жүзүнө ашырылды.
- Кантип, кандай жолдор менен?
- Ал жерде мен япондорду алып чыкканда, алар мени оюндан четтетип коюшуп, эки чемодан акча алып барышкан экен, ошону беришти. Буга далил – ал тууралуу маалыматтар “Дело №ге" чыккан жана азыр соцтармактарда да жүрөт. Ошондо биздин УКМКнын эки орус улутундагы кызматкери “биз бул акчаларды Бишкектен бери ташып келе жатабыз, акча өтө эле оор болот экен” дешкен. Бийлик ошондо япондорду алдап акчаны алышканы тууралуу маалымат кийин чыгат.
Эми ушул жерден ачыгын айтып коеюн, акча кимдерге берилди? Бир миллион доллары тажиктерге берилди, моджахеддерге эмес. Ал эми калган эки миллион долларды биздикилер бөлүштүрүп алды. Тажик тарап алган бир миллондун 200 000 долларын жанагы мен айткан Шох Искендеров алган. Ошон үчүн кыргыз-тажик чек ара чыры чыкканда президент Сооронбай Жээнбековго “Ал жерге мени жөнөтүңүз, чек ара боюнча мен сүйлөшөйүн. Анткени, Ленинабаддагы чек арага жооптуу Шох Искендеровду жакшы билем, “косяктары” бар, мен сүйлөшө алам” деп кайрылгам. Бирок, жооп болгон эмес.
Ошо. Ошону менен тажик тараптан 200 000 долларды Шох, ал эми калган 800 000 долларды Тажикстандын ошол кездеги Зиёев деген Өзгөчө кырдаалдар министри алган. Ал кийин каза болуп калды.
- Анда эмне, моджахеддер, тагыраагы, Жума Наманганилер эч нерсе албай калганбы?
- Ооба, алар бир тыйын да алышкан эмес. Буга видеодалил да бар, анда тажиктердин “Ура, акчасы жок бошотуп алдык!” деген видеосу бар. Себеби, ошол тажиктер мага жардам берип жатышкан да. Кызыгы, баардык иш бүткөн соң кыргыз бийлиги кайра мени менен соттошо баштады, мени “террорист” кылышып. Ошондо мен аргасыз журналисттерге пресс-конференция өткөрөйүн десем бүт пресс-борборлор баш тартышкан, мага каршы чыгышып. Акыры Россиянын “Интерфакс” агентствосу “Андай болсо бизде өткөрүңүз” деп өздөрү мага чыгышты. Ошондо дистантык спутник видеобайланыш, котормочулар аркылуу моджахеддер да сөз сүйлөшкөн. Анда көбүнчө япониянын журналисттери катышып, суроолордун көбүн ошолор беришкен. Ошондо журналисттер “3 миллион доллар алганыңар чынбы?” деп суроо беришти. Анда Жума Намангани баш болгон моджахеддер “Үстүбүздө Аллах турат, жаныңарда олтурган Турсунбай Бакир уулу күбө! Бир тыйын алган жокпуз, алсак анда олтурган Бакир уулу айтсын!” деп жооп беришти. Мен дагы айттым: “Аларга бир тыйын берген жокмун!” деп. “Андай болсо, акча кайда кетти?” деген суроолор пайда болду. Тигилер “аны биз билбейбиз” дешсе, мен болгонун болгондой айттым: “Силердин элчиңер биздин УКМКнын төрагасы Мисир Ашыркулов менен сүйлөшкөн, ошондон сурагыла” деп. Ошондо бир четин айтып да кеттим.
- Кандай эле моджахеддер туткундагыларды бир тыйынсыз бошотуп жиберишти? Балким бул жерде башка бир кызыкчылыктар бардыр?..
- Албетте, бул жерде акчадан башка мурда-кийин айтылбаган кызыкчылык бар. Аларды биздикилерге колго түшкөн моджахеддердин тагдырлары кызыктырган. Мага ошондо алар биздин камактарда жаткан 28 моджахед-туткундардын тизмесин беришкен, ушулардын ичинен карап үчөөнү чыгарып алып келесиз деп. Мен келип ошол эле Аскар Акаев, Болот Жанузаков жана Мисир Ашыркуловго түшүндүрүп, тизмени көрсөткөм. Ошондо Ашыркулов “жүрүңүз, көрөлү аларды” деп мени ээрчитип УКМКнын СИЗОсунда кирдик. Андагылардын арасында бир 19 жаштагы самарканддык тажик бала бар экен. Ошо бала: “Эгерде, мени берсеңер Жума Наманганиге эмес, Ислам Каримовго бергиле, ал кыйнабай эле атып салат. Наманганинин колуна түшсөм колу-бутумду кесип, темир бочкага салдырып, анан күнгө коюп кыйнап өлтүрөт. Андайларды көргөм” деп ыйлады. Өзү да жарадар экен. Ошол жерден Ашыркуловго “бул бала жаш экен, нары бул туура айтып жатат, Наманганиге берсек мунун жаштыгына карабайт, бул баланы алып калалы” деп айттым. Андан башка дагы бир моджахед бар экен, ал катуу орукчан экен, аны да калтыра турган болдук. Андан соң “СИЗО-1”ге бардык. Анда да бирөө аркалары, буттары ириңдеп, оюлуп кетиптир, ордунан жылдырганга да болбой турган акыбалда экен. Аны калтыра турган болдук. Анан тигилер берген тизмеде үч кыргыз бар экен. Үчөө тең моджахеддерге кошулуп согушпай, аларга азык-түлүк ташып кызмат кылган балдар экен. “Келгиле, ушул балдарды берип коелу, буларга баары бир эч нерсе кылышпайт, себеби, булар тек гана моджахеддерге азык-түлүк ташып кызмат кылган балдар экен” десем макул болушту. Анан ошол үч кыргызды салып алып самолет менен Баткенге жөнөдүк. Буга ал учурду тартып жүргөн “Пирамида” телеканалынын журналисттери күбө. Алар биз менен кошо акырына чейин барышты.
- Ошондо ал үч туткунду биздин кайсы туткундарга – япондор менен генералга алмашканы алып бардыңарбы?
- Жо, япондор эмес, бул иштин 2-этабы болчу, ал үч туткунду генерал менен жанагы эч ким эстебей койгон подполковникке алмашуу операциясы болчу. Самолет Ошко токтоп, тыныгууга эшикке чыга калсам япон журналисттери толо күтүп турушуптур. “Бир мүнөткө жооп берип коесузбу?” дешкендиктеринен “Жо, азыр эмес” деп кайра киргенче шаштым. Самолет менен Баткенге, Баткенден Карамыкка вертолет менен бардык. Ал жерде туткундун биринчи этабында чыккан, жогоруда аты айтылган паспорт столдун начальниги Жаңыбайдын атасы айыл башчы болуп иштейт экен. Ал коюңуз, керек эмес десем да болбой бир кой союп сыйлады. Эртеси Тажикстанга өтүп биз ала барган үчөөнү генерал менен подполковникке алмаштырдык. Ал эми кийинки, сүйлөшүүлөрдүн акыркы этабында япондорго алардын 6 моджахедин алмаштырганбыз. Эч кандай акча тууралуу сүйлөшүлгөн да, берилген да жок. Эми ошондо япондордун эки миллион долларын жеп алышкан бийлик бүгүн бири Москвада, бири Бишкекте олтуруп алып “эч кандай сүйлөшүү болгон эмес, эч кандай акча берилген эмес” деп жаналакетке түшүп танышууда. Уяты жоктор! Ушул күнгө чейин, андан бери 20 жыл өтсө дагы чындыкты айта алышпай келишет. Туура, мен танбайм, барымтадагыларды бошотууда көп адамдар, анын ичинде ошол эле Акаев, ошол эле Жанузаков, тажик жардамчыма паспорт жасап берген орган кызматкерлери, Дубайдагы, Тажикстандагы элчилерибиз, айтор, көптөр жардам беришти. Бирок, медалдын экинчи жагы да болот дегендей болуп жатат.
- Кийинки жылы да бастырып киришпедиби моджахеддер. Бул тууралуу эмне айтат элеңиз?
- Туура, 2000-жылы алар кайра кол салышты Кыргызстанга, мурунку жылдагыдан көбүрөөк сандагы моджахеддер менен. Бирок, мурун сабак болгон мамлекетибиз бул согушка даяр болуп турушкан эле жана аларга татыктуу жооп бере алдык. Ошондо да Аскар Акаев мени чакыртып, “Айтыңыз, Кыргызстандан чыгып кетишсин” деп суранды. Макул деп мен алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатсам аны Американын Кыргызстандагы элчиси бүт жаздырып алыптыр. Кийин эле Жогорку Кеңешке УКМКнын орун басары келип, “Биздин депутат Турсунбай Бакир уулу террористтер менен сүйлөшүп жатыптыр” деп бапылдап кирди. Таң калдым. Акыры микрофонго чыгып, “Эй, акмак! Сөзүңдү далилдебесең сотко берем. Өзүң министр болгондон кийин алгач башкы командачы Акаевден бир ооз сурап, тактап албайт белең. Мага ошол киши сүйлөшүңүз деп буйрук берип жатат” десем, “Мага АКШнын элчилиги берди” дейт. “Жакшы, берсе алгач укпайсыңбы, ал жерде эмне жөнүндө сөз болуп жатканын. Тигилерди Кыргызстандан чыгып кетүү боюнча гана сүйлөшүүлөр жүрөт. Андан сырткары ал жерде мен президенттин атынан сүйлөп жатам деген сөздөр бар го" дедим. "Кечирим сурабасаң, сотко берем2 дедим да трибунадан түшүп кеттим. Кийин албетте, сотко бердим аны. Анын сөзү “Асаба” гезитине да чыгып кетти. Мен сотто акырына чейин тураарымды билген соң экөөбүз кинодогудай болуп эки тараптан келип, жолугуштук. Ошондо ал “Турсунбай Бакирович, мени кечирип коюңуз. Экөөбүздү атайы кайраштырган башка бир күчтөр бар экен, кечир” дейт. “Марат иним, сен менин ар-намысыма коомчулук алдында, парламенттин трибунасынан шек келтирдиң, уят кылдың. Сен сотто кечирим сура, макул кечирем” дедим.
- Кечирим сурадыбы анан сотто?
- Ооба, сотко келип анын жүрүшүндө расмий кечирим сурады. Андан кийин ал кездеги эл өкүлдөр жыйынын спикери Абдыганы Эркебаев да “Мына, уяты жоктор. Депутат Турсунбай Бакир уулу күнөөсүз экенин далилдеди, ал эми министр болсо кечирим сурады” деп жалпы жыйында айтып чыккан. Ал эми “Асаба” гезити министрдин мен тууралуу жазып жибергени тууралуу министр “Мен орусча сүйлөгөн элем, сөзүмдү туура эмес которуп салышыптыр” деп калды. Анан гезиттин кожоюну, ыраматылык Мелис Эшимканов да “Биздин кабарчылар туура эмес которуп алышыптыр” деп чыкты. Ал эми аны жазган кабарчы, азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурган Жылдыз Мусабекова да “Мен туура эмес которуп алыптырмын” деп туруп алды. Анан сот “Урматтуу, Турсунбай Бакир уулу, мына, министр кечирим сурады, эмне кыласыз?” деди эле “Ооба, кечирим сурады, министрди кечирдим” десем, “гезит менен журналисттерчи?” деп кайра сурайт. “Мен журналисттер менен соттошпойм” деп иш ошону менен бүттү. Мен актыгымды далилдеп алдым.
- Жакшы. Анан тиги сүйлөшүүлөр эмне болду?
- Кийин алар сүйлөшүүгө чыгышпай коюшту. Андан соң 2001-жылы Америкада жардыруу болуп Ооганстанды бомбалоо башталып кетти. Алгачкылардан болуп Жумабай Намангани өлүптүр. Кийин Тахир Юлдашев өлдү. Айтор, мени менен сүйлөшүү жүргүзчүлөрдүн көбү ошондо өлүп кетишти. Ооба, алардын жанында жүргөн чоң кызматтагы моджахеддер бар экен. Алардын бирине мен Түркияда капыстан жолугуп калдым. Ошондо ал: “Тирүү калгандардын көпчүлүгүбүз тарап кеттик. Ар ким ар кайсы өлкөгө чачырап кеттик. Мисалы, мен Түркияга келип жашап калдым” дейт...
- Эми ажы аке, бул бир-эки күндө айтып бүтүрө койчу тема эмес экенин билебиз. Китебиңиз чыкса, коомчулук дагы көп нерседен кабардар болот деп ишене туралы. Рахмат маегиңизге!
Маектин соңу.
Булак: NazarNews.kg