www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Onliner  YouTube программасына келген ашпозчу бет кап кийип алып иштеген жеринде  кандай былыктар болоорун ачык айтып берди.

Ал өз сөзүндө буларга токтолду: “шаурма жасаган жерлердин көпчүлүгү  санитардык талаптарга жооп бербейт. Мен бул жумушка 1 жыл иштегенден кийин, санитардык китепчемди алганмын. Азыркы учурда баардык нерсени акча чечип калган. Көпчүлүк шаурма жасаган жерлерде 3 киши эле иштейт, алар көп нерсеге үлгүрүшпөйт, тазалыкты сактоо көңүл сыртында эле калып калат. Кир жерге таракан байырлаарын, анын оору алып жүрүүчү организим экенин  билесиздер, бизде да бул көйгөй бар. Тараканды жок кыла албайсың, кечинде свет өчүргөндөн кийин, алар бардык жерде пайда болот.  Жарыкты күйгүзөөр замат алар азык-түлүктөргө жашына калышат. Кээ бир учурда, ооруп калдык деп кардарлар келип арызданышат.  Ал учурда, санитардык кызматкерлер текшеримиш түр көрсөтүп, кардарлардын көзүнчө иш алып баргансыйт. Тилекке каршы, баардык нерсени акча чечип калган. 100 доллар берсең баардык иш жабылат. Азыркы учурда бир дагы кафе, ресторан тазалыкты сактаган эмес деп жабылганын көрбөйсүң”, -дейт Минск шаарындагы шаурма жасоочу жайдын ашпозчусу. 

Ал эми Кыргызстандын тез тамактануучу жайларында, сатыла турчу азыктардын үстүндө келемиш ойноп жүргөн учурлар элдин эсинде болсо керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости