www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаардык сотунда "S-LINE турак -жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиевдин баш коргоо чарасы каралды. Ага 210-берене “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан улам, сот ага коюлган берене оор кылмыштарга кирерине жана ыйгарып алынган сумма көптүгүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алган. Эгерде Бакыт Алиев жогоруда айтылган берене менен соттолсо 10 жылга эркинен ажыратылып, мал-мүлкү конфискацияланышы да мүмкүн. Азырынча шаардык сот Алиевди тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакта калтырды.

Белгилей кетсек, анын үстүнөн 24 адам арыз жазган, андан сырткары Бишкек шаарында дагы жабырлануучулар бар экени айтылып жаткан. Ал эми тергөөнүн алгачкы териштирүүсүндө эле 40 млн сомдук зыян эсептелген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул жарандан жана аталган кооперативден жабыр тарткан жарандарды Ош ШИИБинин тергөө кызматына кайрылууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости