www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

400 үй көчүрүлөбү? Өкмөттүн өкүлү митингчилер менен жолукту

Жер маселеси боюнча чыккан митингчилер менен Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев жолугушту.

Бүгүн эски аянтка 100дөй адам чогулган. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деген сөзүнө нааразычылыгын билдирип, жерди мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен президентке жолугушууга келишкен. Митингчилердин айтымында, өкмөт көптөн бери жерлерди мыйзамдаштыруу убадасын берип келет, бирок чечим чыга элек.

Аликеев өз сөзүндө 400 үй башка жакка көчүрүлбөй тургандыгын айтты.

«Биз ЖЭБ башчысын жолугушууга чакырдык. Бул жерге келгениңиздерге рахмат. Жер маселеси боюнча сот болгон. Эмне кылуу керектигин чечебиз. Жер трансформациясы кыска убакытта бүтүп калбайт, 400 үй эч жакка көчүрүлбөйт», — деди Аликеев.

Топтолгондор жолугушууга чыккан өкмөттүн өкүлүнүн сөзүн улам бөлүп жатышты. Кээ бири чиновник бул маселени чече албастыгын айтып, президент Садыр Жапаровдун чыгуусун талап кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости