www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-июлунан тартып 3 жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» аттуу жаңы жөлөк пул төлөнө баштайт. Аны өлкө боюнча 440 миңден ашуун бала алат.
Жөлөк пул ар бир балага ай сайын 1 200 сомдон төрөлгөндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилет. Документтерди 1-июлдан баштап Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу же «Түндүк» тиркемеси аркылуу тапшырууга болот.
Жөлөк пул дайындалбай турган учурлар: Бала 3 жаштан өтүп кетсе, бала каза болсо же чет өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.
Жогорку тоолуу жана чек ара аймактарында жашагандар кошумча түрдө жашаган жерин тастыктаган маалымкат тапшырышы керек.