www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

47 жыл бирге жашаган жубайлар бир күндө көз жумушту

Америкада 47 жыл бирге жашаган Лесли жана Патрисия аттуу жубайлар коронавирус жуктуруп алышып, оорунун кесепетинен бир күндө каза болушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. 

Ага ылайык, АКШнын Мичиган штатынын тургундары, 47 жыл бирге өмүр сүргөн жубайлар COVID-19 илдетин жуктуруп алышып, 24-ноябрда  бир күндө көз жумушкан.

"Бул кандай сонун, бирок аянычтуу. Кудум эле Ромео менен Жулеттадай. Демек, алар бири-бирисиз жашоону каалашкан эмес", - деп билдирген алардын кызы.

Лесли жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана АКШнын аскер-деңиз коругунун ардагери, ал эми Патрисия медайым болгон. Ал 35 жыл ооруканада операциялык бөлүмүндө иштеген. Алар алгач таанышкан барда чогуу бийлегенди, кечкисин үйдө карта жана башка оюндарды ойногонду жакшы көрүшчү. Жубайлардын артында эки кызы, үч небереси жана алты чөбөрөсү калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости