www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садык Шер-Нияз Жапаровдун бир пиала чайына алданып калдыбы?

"Биз деле көптүн айткан сөзүнө ишенбей Садык Шер-Нияз агабыздан: "Садыр Жапаровдун бир пиала чайына эле ыраазы болуп президенттиктен баш тарттыңызбы?" деп сурадык",- деп Ибраим Нуракун уулу өзүнүн Фейсбук баракчасында жазды. 

Президенттикке талапкерлердин бири Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунан кийин шайлоодон талапкерлигин алып, Жапаровду колдоп чыккан. Көпчүлүк Шер-Нияздын мындай кадамын Жапаровдун үстөмдүгүнө кабылып, жанын сактоо үчүн анын тарабын алды деп, андан башка да ушак-айың көп тарады. 

Өз учурунда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ак адам экенин түшүнгөнүн айтып, ага мамлекетти ишенүүгө болоорун көргөнүн билдирген. 

Ибраим Нуракун уулунун айтымына караганда, Шайырбек Абдрахманов экөө Садык Шер-Ниязды "Жапаровдун бир пиала чайына алданып калдыңызбы?!" деп "бурчка такашса" да, саясатчы экөөнө таарынычын айтып, кылган кадамынын себебин кайрадан түшүндүрүп берген экен. 

"Биринчиден балдар, столдун үстүндө уча да бар болчу. Элдин баары эле "Садыр зек, Садыр опг" десе эле мен да аларга ишене берген экем. Таанышымдын жардамы менен Жапаров экөөбүз көрүшүп, ачык сүйлөштүк. Болгон маектен кийин, мен шайлоого катышууга кажетим калбады деп, Садырдын чыныгы жүзүн көрүп, элди ага ишенип талапкерлигимди алдым",- деген экен Шер-Нияз. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости