www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциянын жаңы долбоорун кароодо дүйнөлүк практиканы эске алуу менен иштеп жатабыз. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин “Адам жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери” секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов бүгүн, 2-декабарда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, сөз эркиндиги боюнча жаңы норма киргизилди.

"Адамдын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирсе эч ким кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Бул сөз эркиндигине мыкты норма. Ошондой эле ар бир жаран бала бакча, мектеп жана кесиптик окуу жайлардан акысыз билим ала алат деген норма кошулду. Акысыз билим берүү дароо аткарылып калбаса да келечекте ишке ашырылат", - дейт ал.

Шерипов Баш мыйзамдын жаңы долбооруна пенсия жана жөлөкпулдун өлчөмүн жашоо минимум менен тең кылуу керектиги да каралып жатканын айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости