www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи класска 56,7 миңден ашык бала катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарында камтылган.
Анын ичинде Бишкек шаарында 8,9 миңге жакын бала окууга кирди. Алардын ичинен 3,7 миң орун кыргыз тилинде окутуучу класстарга, 5,2 миңден ашууну орус тилинде окутуучу класстарга туура келет. Борбор калаада дагы 17 миңден ашык бош орун бар.
Облустар боюнча биринчи класска катталгандар:
Ош облусунда — 11,9 миң бала;
Жалал-Абад облусунда — 10,6 миң;
Чүй облусунда — 6,6 миң;
Баткен облусунда — 6,4 миң;
Ысык-Көл облусунда — 4,7 миң;
Нарын облусунда — 2,7 миң;
Талас облусунда — 2,5 миң;
Ош шаарында — 2,2 миң.
2026/27-окуу жылына карата квоталардын жалпы саны — 192,3 миң.
Белгилей кетсек, республиканын түштүгүндө өзбек жана тажик тилдеринде окутуучу класстарга да кабыл алуу жүргүзүлүүдө.
Кабыл алуунун тартиби
Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда 2019 жана 2020-жылдары туулган балдар катталууда.
Биринчи этапта ата-энесинин биринин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин тилкеси боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынат.
Экинчи этап (каттоосуна карабастан мектеп тандоо) 1-июндан тарта башталат.