www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Нелегал-2026»: 18 чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн «Нелегал-2026» операциясынын жүрүшүндө 58 миграциялык мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 18 чет элдик жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды.

Иш-чаранын алкагында комплекстүү профилактикалык жана издөө иштери жүргүзүлүп, чет өлкөлүк жарандар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 20дан ашык ишкана текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, Бангладеш Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын айрым жарандары өлкө аймагында тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгени белгилүү болду.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 430, 431, 93 жана 94-беренелерине ылайык жалпы 58 административдик укук бузуу протоколу түзүлдү.

Бул беренелер чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүү тартибин бузуу, эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзүү жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу эрежелерин бузуу учурлары үчүн жоопкерчиликти карайт.

Мындан тышкары, Пакистан Ислам Республикасынын 16 жараны жана Бангладеш Эл Республикасынын 4 жараны Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылды.

Учурда операциянын алкагында профилактикалык жана көзөмөл иштери улантылууда.

Последние новости