www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6 миңге жакын бала кызамык менен ооруду

Быйыл жыл башынан бери 6 миңге жакын бала кызамык менен ооруду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты. Анын маалыматына караганда, кызамыктан алты бала көз жумду. Бүгүнкү күндө эмдөөдөн өтө турган 16 миң бала бар. Бирок көпчүлүк ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартууда. Министр кызамыкты эмдөө менен токтотууга болорун айтат.

«Бейтаптардын 85 пайызы эмдөөдөн өтпөгөн балдар. Негизи эмдөөдөн эки жолу өтүү керек, биринчиси 1 жашка чейин, экинчиси 6 жашта. Биздин көп ата-эне баласын эмдөөдөн өткөрбөй коюп жатышат. Азыр өлкөнүн бардык аймактарында 2 миңге жакын эмдөө пункттарын ачтык, дарыгерлерди окутуудан өткөрдүк. 200дөн ашык баланы вакцина бердик. Эмдөөдөн өтө турган 16 мин бала бар. Биз Муфтият менен кайрылдык, өзүм жолуктум, аларда ата-энелерге түшүндүрүп жатат. Кызамыкты эмдөө менен гана токтотобуз. Ал жугуп калса, күчөп кетип, малярия, полиомиелитке алып келет. Көзү көрбөй калат, кулагы укпай калат. Ошонун алдын алуу үчүн сөзсүз эмдөөдөн өтүү керек» , — деди министр.

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости