www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына соттолгон Эрнис Жээнтаевге энеси менен коштошууга шарт түзүү тапшырылды. Бул тууралуу Акипресс жазды.
Буга чейин Жээнтаевдин жакындары мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылып, Жээнтаевди сөөк коюуга катышуу үчүн убактылуу камактан чыгарууга уруксат берүүнү суранышкан. 66 жаштагы маркум 27-февралга караган түнү узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу 28-февралда Ысык-Көл районунун Темир айылында өтөт.
Булактардын айтымында, президент Жээнтаевге чыгарылган өкүм тууралуу билген эмес.
Эрнис Жээнтаев 2025-жылдын 10-ноябрында кармалып, 13-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Анын жакындары Жээнтаев социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн соттолгондугун билдиришкен.