www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашы жете элек кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 1-октябрда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн өкүлү борбор калаанын тургунуна чара көрүү өтүнүчү менен Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, апрель айынан бери 2009-жылы туулган өгөй кызын атасы зордуктап жүргөн. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн («Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер») менен катталган.

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1960-жылы туулган жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Буга чейин ал балдарын таап берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Жашы жете элек балдар табылып, алар менен милиция кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер иштешкен.

Последние новости