www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-августтан тартып эстакадалык көпүрө курууга байланыштуу 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Бул чектөө жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле курулуш-монтаж иштерин үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө.
Жол жабылган мезгилде транспорт каражаттары альтернативдүү каттамдар аркылуу өткөрүлөт. Айланып өтүү жолдору алдын ала белгиленип, убактылуу жол белгилери орнотулат.
«Айдоочулардан жана коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнөн каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылынын уюштурулушундагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну жана мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду пайдаланууну өтүнөбүз», - дейт мэрия.