www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 11 052 адам коопсуз жайга чыгарылган. Алардын арасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары дагы бар.
27-январь күнү кечке жуук эвакуацияланган аялдар менен жаш балдар биринчи түндү Лейлектеги тургундардын үйүнө өткөрүштү. Эртеси жергиликтүү бийлик аларды Баткен шаарындагы Ленин мектебине алып келген. Учурда 83 адам баш калкалап жатат, ар бир класска 20-30да бөлүнгөн.
Ак-Сайдагы мектепте ашпозчу болуп иштеген Зейбе Надырова атышуу башталары менен шашылыш түрдө качып чыгышканын айтты.
“Мен иштен келип, үйдө тамак жасап отургам. Алгач “Көк-Таш айылында жаңжал башталды” дешти. Тынчтык жолу менен жакшы чечилсе керек деп отурганбыз. Бир маалда “атышуу башталды” деп угуп көчөгө чыктык. Бийлик элди тегиз алып чыккыла деген экен, айланма жол менен Лейлекке кеттик. Барсак Рават айылындагы үйлөргө толуп калыптыр, бизди Кара-Сууга алып кетишти. Ар бир үйгө эки үй-бүлөдөн жайгаштык. Ошончо күтүп алган элге рахмат”, — деди Надырова.
Эненин тилегени эле тынччылык, өзгөчө кыштын күнү мындай кыйынчылыктын эч кимге кереги жоктугун айтты.
Ак-Сайдын дагы бир жашоочусу Мамлекет Бердибаева жети баласы менен келген. Балдары минтип качып чыга берип коркуп калганын тынчсыздануу менен белгилейт
Качып чыккан аялдар жаш балдары менен учурда Баткендеги эки мектеп, бир университетте баш калкалоодо. Жергиликтүү бийлик аларды кабыл алып, тамак-аш менен камсыздап жатат. Медицина кызматкерлери нөөмөттө туруп, жардам көрсөтүүдө.
28-январда кырдаал турукташкандыктан көпчүлүк бөлүгү үйүнө кайта баштады.
Булак:NazarNews.kg