www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 70 жаштан өткөн пенсионерлерге Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз көрсөтүлгөн кызматтарды тизмектеди:
адистин кабыл алуусу жана кеңеши;
эмдөө;
ийне сайдыруу (дары жана шприц үчүн акы төлөнөт);
канга, заарага анализ жасоо, кандагы кант жана холестериндин деңгээлин аныктоо, электрокардиография жана башка базалык анализдер;
реабилитациялык жана физиотерапиялык жардам;
күндүзгү стационардык кызматтарды да акысыз ала алышат, бирок дары каражаттары жана шприцтер үчүн акы төлөнөт.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жогорудагыдай кызматтарды алуу үчүн пенсионер жашаган аймагы боюнча катталган бейтапканага барышы керек.
Суроолор болсо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 кыска номерине чалууга болот.
Булак: NazarNews.kg