www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы институтунун кызматкери башка активисттер жана саясатчылар менен бирге Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы чыкканы үчүн кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаевага барды.
Аталган институтунун басма сөз кызматы 14-мартта билдиргендей, сүйлөшүүдө ал СИЗОнун кызматкерлерине нааразы болгон жок, бирок камерадагы нымдуулук тууралуу айткан.
"Сасыкбаеванын ден соолугунун абалы канааттандырарлык, бардык дары-дармектер өз убагында берилип, психологиялык абалы жакшы", - деп билдирди Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, Асия Сасыкбаева учурда 71 жашта.
Булак: NazarNews.kg