www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишине күбө катары сотко экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев келди. 

Абылгазиев каттын маани-маңызы боюнча билген-билбегени тууралуу суроо узаткан журналисттердин суроолоруна жооп берген жок

Сотко айыпталуучулардын бардыгы келди. Алардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев бар.

Айыпталуучуларга “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып коюлган.

Последние новости