www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда өткөн соттук отурумда "75тин кайрылуусу" боюнча аты аталган Каныбек Осмоналиев бул документке эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Анын айтымында, ал аталган катка кол койгон эмес жана бул маселе боюнча эч ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес.

Осмоналиев ошондой эле соттук териштирүү өтө кыска убакытка, бир мүнөткө жетпеген мөөнөткө гана созулганын белгиледи. Бул жагдай коомчулукта суроолорду жаратып, айрымдар сотто белгилүү Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев менен адаштырып алышкан болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Эске салсак, кылмыш иши коомчулукта «75чилердин каты» деген ат менен белгилүү болгон кайрылууга байланыштуу козголгон. Тергөө органдарынын версиясы боюнча, анда бийликти алмаштырууга чакырык белгилери болгон.

Иш боюнча айыпталуучулардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана бир катар мурдагы саясатчылар бар.

Аларга «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып тагылган.

Последние новости