www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында «Toyota Mark X» үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз айдап кеткен деп шектелген эки кыз кармалды.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 17-июнь күнү саат 23:40 чамасында катталган. Шаар тургуну Ж.Бакиев көчөсүндө жайгашкан «Үрүм-Баш» дүкөнүнүн алдына өзүнө тиешелүү унаасын токтотуп кеткен.
Ошол учурда белгисиз эки кыз унааны мыйзамсыз ээлеп алып, белгисиз тарапка айдап кетишкен.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жол тескөөчүлөр уурдалган унааны таап, анын ичиндеги шектүүлөрдү кармашкан. Алар Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары экени аныкталган.
Кармалган кыздар тергөө иштерин улантуу үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.