www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2026-жылдын 27-мартындагы №145 буйругуна ылайык, 2026-жылдын 8-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарынын кызматчыларынын күнү расмий түрдө белгилене баштады.

Маанилүү датага карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Тариэль Отонбаевдин аскер комиссариаттарынын өздүк курамын сыйлоо жөнүндө буйругу окулуп, иш-чаранын алкагында өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларга жана жарандык кызматчыларга ардак грамоталар тапшырылып, ыраазычылык жарыяланды. Ошондой эле Республикалык Жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы тарабынан берилген грамоталар да тапшырылды.

Маалымдама:

1918-жылдын 8-апрелинде Эл комиссарлар кеңешинин декрети менен аскер комиссариаттарынын системасы түзүлгөн. Аталган документке ылайык, аскер комиссариаттарына аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте коргонуу тармагындагы маселелерди чечүү милдети жүктөлгөн. Алар Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүмдөргө чакыруу жана жөнөтүү үчүн адамдык жана транспорттук ресурстарды даярдоо иштерин жүргүзүшкөн.

Последние новости