www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин катышуусунда Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи өттү.
Беларусь өкмөт башчысы Кыргызстанга Кыргыз-Беларусь бизнес-форумуна катышуу үчүн алгачкы расмий сапары менен келген.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Беларусь Республикасынын расмий делегациясынын өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылышты. Жеңиш монументине гүлчамбар коюлуп, андан соң согушта курман болгондордун жана Ата Мекенди коргоочулардын элесине бир мүнөт унчукпай туруу менен урмат көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Александр Турчин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен биргеликте катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү эко-технологиялык заводдо болуп, ошондой эле беларустук «Сифания-Экотехника» компаниясынын жабдуулары менен иштеген таштандыларды сорттоо линиясын көрүп чыккан.