www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда жогорку класстын окуучуларынын нааразылык акциялары уланууда.
Окуучулар бир жумадан бери класстагы окуучулардын санынын көптүгүнө, окуу графигинин ашыкча жүктөлүшүнө, мугалимдердин жетишсиздигине жана билим берүү системасындагы башка көйгөйлөргө каршы чыгып жатышат. Акциялар көп учурда башаламандыкка айланып, өрт коюу жана кагылышуу фактылары катталууда.
Улуттук билим берүү министри Эдуар Жеффренин маалыматына караганда, нааразылык акциялары башталгандан бери дээрлик 80 адам жабыркаган. Ал окуучулардын талап коюп жатканынын өзүнө эмес, зомбулуктун күчөп баратканына тынчсызданып жатканын өзгөчө белгиледи. Жабыркаган 76 адамдын 18и — билим берүү мекемелеринин кызматкерлери.
«Студенттик профсоюздун» маалыматына ылайык, шейшемби күнү, 29-сентябрда, нааразылык акциясына чыккандар өлкө боюнча болжол менен он университетти жана 400дөн ашык мектепти тосуп коюшкан.