www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстанда бардык мектептерде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Тагыраагы, бүгүн, 3-июнда 9-класстарга – алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест), 11-класстарга – эне тили жана адабиятынан (эссе) өткөрүлүүдө.

Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев Аламүдүн районундагы №1 орто мектебинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жүрүшүнө катышып келди.

Ошондой эле кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына 2022-2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация жүрүүдө.

Белгилей кетсек, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости