www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аадаптациялык борбордон качкан өспүрүмдөр изделүүдө

Бишкек шаарында Балдарды адаптациялоо борборунан өз ыктыяры менен чыгып кетип, кайра кайрылбаган үч өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

10-апрелде милицияга Н.Г. аттуу жаран кайрылып, 2025-жылдын 15-октябрында аталган борбордун тарбиялануучусу, 2009-жылы туулган Айданек Дүйшөева борбордон чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин маалымдаган.

Айданек Дүйшөеванын өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, арык чырай, көздөрү кара күрөң, чачы кыска. Үстүндө мезгилге ылайык кийим болгон.

2026-жылдын 2-майында ушул эле борбордон 2009-жылы туулган Аружан Данакулова да чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Аружан Данакулованын өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, арык чырай, көзү жана чачы кара. Кара түстөгү шым жана кара бут кийим кийип жүргөн.

12-май күнү эртең менен ошол эле борбордон 2011-жылы туулган Кристина Суханова да качкан.

Кристина Суханованын өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, арык чырай, чачы кыска. Үстүндө кара үстүңкү кийим, ак футболка жана көк түстөгү шым болгон.

Бул фактылар Ленин РИИБинде каттоого алынып, учурда өспүрүмдөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

Милиция өспүрүмдөрдүн жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды:

(0312) 35-29-47

(0312) 35-26-71

0224 21-43-46 номурлары аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

Последние новости