www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борборубуз Бишкекти улам шишкебектей кактап, бир-эки сааттан мэр кылып коюп, Чүй облусунун мурунку губернатору Кудайбергеновду алып келип, отуруп калдык. Эмки кезекте үч миң жылдан ашык тарыхы бар Ошко ким мэр болот? Артка бир аз кылчайып карасак убагында Мелис Мырзакматов Кыргызстан кыйналып жатканына карабай, Ош шаарынын экономикасын кризистен чыгарып, бюджеттен акча каражатын таап, инфляцияга жараша бюджеттегилердин айлык акысын көбөйтүп “кризистик менеджерге” айланган. Анын ордун Атамбаевдин “десанттары” Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашевдер аркылуу шайлоодо тартып алган Айтмамат Кадырбеков деле, андан кийинки «эт менен челдин» ортосундагы Таалайбек Сарыбашев деле жыргатып ийген жок,тескерисинче карга-кузгун атка конушту. Таалайбек Сарыбашев малай жалдап алгансып кошоматчыларына кол чатыр көтөртүп, кычырап тургандан башка эмнеге жарады? Ошондуктан аны Ош шаарынын мэринен кетирүү пландалууда. Эми анын ордуна ким барышы мүмкүн. Массалык-маалымат беттеринде Садыр Жапаровдун кадр саясатын тейлеген Абдрахман Маматалиевдин парламенттеги депутат уулу Марлен келиши мүмкүн.

 Негизи Бишкектен кийинки көзгө басаар Ош чоң шаар. Бишкек экөө башка облустар сыяктуу түз эле өкмөткө баш ийишет. Дагы бир уккан имиштерге  караганда Жылдыз Жолдошова барышы мүмкүн. Ал бешинчи парламенттин депутаты, ошол кездеги парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин «ажырагыс досу». Ал Текебаев менен дайыма кайым айтышып, аргументтер менен жооп берип турчу. Азыр Текебаевдин «Жалбырак ТВси» бийликтин жүрөгүнүн үшүн алып жатканда Жылдыз Жолдошованын Ош мэрине барып калышы да ажеп эмес. Жолдошова кыйын күндөрдө Садыр Жапаровду дайыма колдоп, адилеттүү, калыс сөздөрүн айтып келгенин жумурай журт билет. Ме деп эмгегин баалоо үчүн экинчи борборду энчилеп беришсе, ишенимди актап, иритпей иштеп кетсе керек.

Ошко мэр болом деп жулунуп жүргөн Ош ШИИБнин начальниги Мурат Боронов «Юго-Восток» кичирайонуна эки иниси менен көп кабаттуу үйлөрдү курушуп, бизнес менен алектенишкени, натыйжада, учурда батирлерди сатып жатышканы кайсы логикага сыят? Муну менен чектелип калбаптыр. Геологородок шаарчасына салынган хансарайын, Бишкектеги элиталык батирлерин кайда жашырат? «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголсо, Мурат Боронов кылтакка илинип калбайбы? Башынан мамлекеттик кызматты же бизнести тандабайт беле? Же мындайлар милициянын рычагдарын пайдаланышып, байыгандын кыныгын алышканбы? Албетте, биз чиновниктердин көз будамайлаган былыктарын көрсөтүүгө, багыт берүүгө милдеттүүбүз. Андан аркысын текшерүүчү органдары улантышы керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости