www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин аппарат башчысы Сүйүнбек Касмамбетов күйөө баласы Арслан Койчиевди шефи Садыр Жапаровго кеңешчи кылганын өткөн саныбызда жазганбыз. Буга чейин Би-Би-Синин Лондондогу бюросун Гүлнара Касмамбетова жетектесе, бир тууган сиңдиси Акчолпон Койчиева «каарманыбыз» Арсландын аялы болуп атпайбы. Ошондо үй-бүлөлүк башкаруу менен Би-Би-Си радиосун колго алышса, эми президенттик аппаратты да басып киришкендей элес калтырышты.

Орто-майда кадрларды эсепке албай эле коёлу. Дал ушул көрүнүш коомчулукта талкуу жаратып бүткүчө, дагы бир суроо жараткан кабар келип түштү. Арслан Койчиев Лондондо иштеп жүргөндө ири суммадагы каражатты алдап кетип, из суута Кыргызстанга баса бергенби? Британ бийлиги кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаганы ыраспы?

Эгерде кылмышка шектүү адам президенттин кеңешчиси болуп отурса, эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташтыгына доо кетпейби?..

Бул боюнча жоопторун беришсе, «Азия Ньюс» гезити экинчи тараптын да пикирин чагылдырат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости