www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү. Кооптуу жерлердин тизмеси

Кыргызстанда 24-27-мартта күндүн жылыганынан, жаап өткөн жаан-чачындан улам тоолуу райондордо кар көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул туурасында Гидрометеорология кызматынан билдиришти.

Кооптуу жерлер:

Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу) ;

Каракол — Эңилчек жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу);

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу);

Казарман — Ак-Тал — Чат жолунун 60-94-чакырымында (Кара-Көө ашуусунда) көчкү түшүп, күрткү жаралышы күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Аталган кызмат жолдогу автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эске салды.

Последние новости