www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматы абак жайлардын биринен тыюу салынган ондогон буюмдар табылганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды аныктоо максатында жаза өтөөчү жайлардын биринде жалпы тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 100гө чукул мобилдик телефон, 160тан ашуун саюучу-кесүүчү буюмдар, акча каражаттары табылып, алынган.
Ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди.
Жазаларды аткаруу кызматы декабрь айында дагы түзөтүү мекемелеринде, жаза өтөөчү жайларда тинтүү жүргүзүп, тыюу салынган буюмдар табылганын маалымдаган. Бир нече кол телефондор, колго ачытылган алкоголдук ичимдиктер, баңги заттар, бычак жана башка тыюу салынган буюмдар табылганы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg