www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу тууралуу" ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековдун токтому Биринчи Май райондук сотто каралып баштады.
Ишти судья Т. Бекенов карап жатат.
Натыйжада, айыпталуучулар Нурлан Асанбеков, Орозайым Нарматова 20-апрелге чейин үй камагында калтырылды.
Равшан Жээнбеков, Али Шабдан, Бектур Асанов, Акыл Айтбаев 20-апрелге чейин камакта калтырылды. Ал эм Азимбек Бекназаровдун камакта калтыруу мөөнөтү 22-апрелге чейин узартылды.
Мындан сырткары, Таалай Маламинов, Улугбек Маматаев жана Жеңиш Молдакматовдордун камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу каралат.
Бул маалыматты укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.