www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абакиров менен Мамашова ЖК депутатынын мандатын алды

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров менен экс-депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталып, парламент депутатынын күбөлүгү менен төш белгиси берилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды. 

Алар диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган “Альянс” фракциясынын мурдагы депутаты Фарходбек Алимжановдун жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып камакта жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ордуна келишти.

Боршайком ушул эле күнү өзү арыз жазган арыздын негизинде Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

43 жаштагы Элдар Абакиров Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин, Кыргызстан мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы “Казак темиржол транспорту илимий-изилдөө институту” ишканасында программист-аналитик болуп баштаган. 2019-жылы экономика министринин орун басары болгон.

36 жаштагы Айсулуу Мамашова VI чакырылышта “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости