www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башаламдык уюштурууга шектелип, 2 айга камалган Айбек Бузурманкулов СИЗО-1ден кат жазды.
"Арыбаңыздар ардактуу кыргыз элим! Ата-бабаларыбыздан мурасталып келе жаткан кыргыз жери биз үчүн ыйык жана кол тийгис. Ал ыйык жерди башка мамлекеттерге берип жиберүүгө жалгыз Президенттин акысы жок.
Кемпир-Абад 100% кыргыздын жери, ал түбөлүккө кыргыз мамлекетинде калышы керек. Жер маселесине келгенде ар бир кыргыз жараны өз оюн ачык билдириш керек. Мейли саясатчы болобузбу, активист, ишкер, спортсмен, журналист, илимпоз ж.б., ойлорубузду эркин айтуубуз биздин Конституциялык укугубуз.
Ал эми ошол өз оюн эркин айткан кыргыз жарандарын бир жактуу каралап, эл душмандарына айлантуу жеткен - акмакчылык. Түгөнгөн сайын түтөгөн, түп орду менен күчөгөн кыргыз эли камоолордон жана каралоолордон коркпойт, тескерисинче - күчөйт. Кемпир-Абад Коргоо комитетинин да мүчөлөрүнө болуп жаткан куугунтуктар мыйзамсыз жана карандай калп.
Адилетсиз, мыйзамсыз жана жалган саясатын бийлик тезинен токтотуусу керектигин эскертем.
Кемпир-Абадды коргоп калуу ар бир кыргыз жаранынын ыйык милдети! Кудай буйруса жеңиш эл тарапта болот", - деп жазган Айбек Бузурманкулов.
Булак: NazarNews.kg