www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Массалык баш аламандык беренеси менен соттолгон акин Азамат Ишенбековго чоң энесин акыркы сапарга узатууга уруксат берилди. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Эске салсак, буга чейин укук коргоочулар президент Садыр Жапаровго кайрылып, массалык баш аламандык беренеси менен соттолгон акынды ооруп жаткан чоң апасы менен коштошууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
1-мартта Азамат Ишенбеков Нарын облусуна чоң энеси менен коштошууга барып келген. Ал эми, эртеси, 2-мартта акындын чоң энеси көз жумган.
27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Ата-энесинен эрте айрылган Азамат чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон.