www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Учурда Алматы кыйын кырдаалды башынан кечирүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын акими Бакытжан Сагинтаевдин айтымына таянып, Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

«Менин оюмча, Алматыда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды. Жай мезгили менен салыштырсак, бир сутка ичинде оору жуктургандар эки эсе көп катталууда. Бул коронавирустун жаңы штаммынын аныкталышы менен байланыштуу. Азыр Алматы оор кырдаалды башынан өткөрүүдө», — деди Сагинтаев.

Шаар башчысы коронавирустун жаңы штаммы тез жуга турганын айтып, ошол себептен ооругандардын саны бат өсүп жатканын белгилеген.

Эске салсак, буга чейин Алматыда коронавирустун «британиялык» жана «түштүк африкалык» штаммы аныкталганын шаардын башкы санитардык дарыгери, Санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшин билдирген.

Аталган шаар учурда «кызыл» зонада. Коңшу мамлекетте коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Өткөн суткада 1,5 миңге чукул адамдан оору табылып, 22 бейтап каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости