www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абанын күндүзгү температурасы

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +29…+34

Талас облусунда +26…+31

Баткен облусунда +31…+36

Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36

Ысык-Көл облусунда +24…+29

Нарын облусунда +24…+29.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы +32…+34° болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости