www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги абанын булганышын өлчөөчү жаңы жабдык сатып алат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Рысалиев билдирди.
Анын айтымында, мониторинг жүргүзүп туруучу автоматтык станциялар Бишкек шаарында орнотулат:
- Бүт талаптарга жооп берген заманбап аппараттар болот. Алар Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу иштерин жолго коюуга да жардам берет.
Жаңы жабдыктар “Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамынын негизинде сатылып алынат. Тендерге катышууну каалагандар 3-январга чейин арызын жөнөтсө болот.
Жакында "Move Green" коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда.
Бирок күн сууктаганы Бишкектин асманын түтүн каптады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну тастыктаган сүрөттөрдү Интернетке жүктөп жатышат.
Булак: NazarNews.kg