www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда Кыргызстанда санарипти өнүктүрүү чаралары жөнүндөгү маселе каралат.
Быйыл июнь айында мамлекет башчысы санариптик трансформация боюнча жолугушуу өткөргөн. Электрондук башкарууга өтүү — бул тынымсыз күрөш жана татаал процесс, коррупцияга каршы күрөштүн негизги компоненттердин бири экенин айткан. Бул маселе жеке көзөмөлүндө турганын жана аны ишке ашырууда талаптар катуу болорун белгилеген.
Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүнкү күндө «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкарууга 14 мамлекеттик орган туташтырылды, 5 мекеменин ортосунда өз ара маалымат алмашуу жүргүзүлөт.
Булак: NazarNews.kg