www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестиция жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Алишер Курманов менен жолугушту. Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин Төрага орун басары А.Кодуранова эки өлкөнүн ортосундагы алака ар тараптуу өнүгүп жаткандыгын канагаттануу менен белгиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнөн учкай маалымат берди. Төрага орун басары 2018-жылы залкар жазуучубуз, планетардык масштабдагы инсан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өлкө аймагында жана дүйнө жүзүндө белгиленип жаткандыгын айтып, Өзбекстанда улуу жазуучунун урматына анын айкели орнотулуп, анын ысымы чоң көчөлөрдүн бирине берилгендиги үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Төрага орун басары А.Кодуранова Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин ортосунда Парламенттер аралык комиссиянын биринчи жыйыны үстүбүздөгү жылдын май айында Фергана шаарында өткөндүгүнө жана аталган комиссиянын экинчи жыйыны 2019-жылы Ош шаарында боло тургандыгына токтолуп, бул комиссиянын эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, бир тууган эки элдин мамилелеринин бекемделишине көмөкчү болоорун баса белгиледи. Ошондой эле А.Кодуранова 2018-жылдын ноябрь айында Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин жыйналышынын алкагында өзбек тарабынын аталган уюмга расмий түрдө киргендигине байланыштуу куттуктап өттү.
Өз кезегинде Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын тармактык комитетинин төрагасы Алишер Курманов Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басарына убакыт таап жолугушкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Ч.Айтматов Өзбекстан үчүн дагы залкар инсан экендигин билдирди. Ошондой эле комитет төрагасы бир топ тажрыйбага ээ кыргыз парламентинен үйрөнө турган көп жагдайлар бар экенин, өзбек тарап тажырыйба алмашууга кызыкдар болуп жаткандыгын кошумчалады.
Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн парламентиндеги депутаттык достук топтордун ишмердүүлүгүн арттырып, алакаларын кеңейтүү жаатында пикир алышты.
Булак: NazarNews.kg