www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы тууралуу жазды.

«Автомектептер жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча акыркы күндөрү коомчулукта көп талаш-тартыштар болуп жаткан. Бүгүн президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде бул маселелердин себептерин ачык жана кеңири түшүндүрүп берди.

Буга чейин иштеп келген айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү интернет аркылуу каршылык көрсөтүп, так эмес маалыматтарды таратып, журналисттерди сүйлөтүп жатышты эле. Менин оюмча, президенттин бүгүнкү маеги ошол бардык талаш-тартыштарга чекит койду.

Дагы бир маанилүү жагдайды тактап кетейин. Ошол эле каршылык кампаниясын уюштуруп жаткандар “айдоочулукка окутуунун баасы 100 миң сом имиш, 200 миң сом болот экен” деген ушактарды таратып келишти. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт.

Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен», — деди ал.

Эске сала кетсек буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламенттин 28-январдагы жалпы жыйынында Кыргызстанда менчик автомектептердин ишинин токтотулушу тууралуу маселени көтөрүшкөн. 

Андан соң Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кыргызстанда менчик автомектептердин жабылышы жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн окуунун мөөнөтү узарганы тууралуу билдирүү таратып, “2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз”, - деген президент.

Последние новости