www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев дем алыш күнү Көк-Таш, Аксай жана Капчыгай айылдарына барып, коогалаңдан кийинки үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп келди. Бул тууралуу облус башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, жалпысынан алганда учурда чек арада абал тынч.

"Иш сапарымда чек арада кызмат өтөп жаткан чек арачылардан кабар алып, аларга өз белегимди тапшырып, Аксай айылындагы чек ара заставасына кирип, жоокерлер менен маектештим. Мекенге ак кызматын арнаган жоокерлердин жашоо турмушу, алардын абалы боюнча сурашып, күч-дем берип, ийгилик каалап кайттым", - дейт облус башчысы.

Эске салсак, 3-декабрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, эки тарап болуп эки өлкөнүн жарандары мушташкан.

Жолугушууга эки мамлекеттин Ички иштер министрликтери менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттердин өкүлдөрү катышкан. Тараптар чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын ортосундагы мушташуунун чоо-жайын иликтеп, чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча макулдашкан.

Мушташуу фактысы такталып, окуя болгон жерге милициянын кошумча отряддары жөнөтүлөрү маалым болду.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости