www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев Кой-Таштагы №7194 шайлоо участогунда кезексиз президенттик шайлоодо жана референдумда башкаруу формасын аныктоого добуш берди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президенттикке талапкер административдик ресурс колдонулуп жаткандыгы тууралуу жарыялады. Абдил Сегизбаев атаандашы Садыр Жапаровго берген суроолору тууралуу дебаттан кийин КТРКнын кызматкерлеринин суракка алынуусу тууралуу кеп козгоду.
«Дебаттан кийин КТРКга УКМКнын, Ички иштер министрлигинин жана талапкердин штабынын кызматкерлери келип, түнкү саат экиге чейин суракка алышты. Оператордон эмне үчүн Жаныш Бакиевдин мааракесинен түшкөн сүрөттү жакындан көрсөткөнүн сурашты. Мындан кийин дебаттын алып баруучулары алмашып калганын өзүңүздөр деле көрдүңүздөр», - деди ал.
Абдил Сегизбаевдин айтымында, мурдагы президенттердин айланасындагылардын бардыгы азыр Садыр Жапаровду айланып чуркап, башкаруу формасын өзгөртүүнү каалап, бийликке умтулуп жатышат.
Ошондой эле, ал УКМК тарабынан кармалаган активист Мелис Аспеков тууралуу да комментарий берди.
Абдил Сегизбаевдин ою боюнча дүйнөдөгү эң жаман нерсе - бул Аспековго бардык ыйгарым укуктардын берилиши деп эсептейт. Сегизбаев Мелис Аспековду "мусор" деп атады.
«Бул "мусорго" толук ыйгарым укуктар берилген. Бийликтегилер Аспековго уюшкан кылмыштуу топтор менен иштөөгө, жергиликтүү бийлик органдарын башкарууга мүмкүнчүлүк түзүштү. Аягы эмне менен бүттү? Аспеков тарапташтары менен негизги талапкерди шайлоо үчүн акча чогултушту. Алар ушул акчанын эсебинен улактарды, спорттук иш-чараларды өткөрүштү. Ал бийликтин жүзү болгон эле», - дейт Абдил Сегизбаев.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg