www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.
Мөөнөтсүз президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Добуш берип бүткөндөн кийин Жээнбековго кайсы башкаруу формасын тандагандыгы тууралуу суроо берилди.
Экс-президент бул суроого так жооп берген жок. Бирок журналисттер ал президенттик башкаруу үчүн добуш берди деп божомолдошту.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда бир нече ирет парламенттик башкарууну колдой турганын айтып келген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg