www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда жайгашкан №1208 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө келип, журналисттердин суроолорун жооп берди.
--"Буга чейин административдик ресурсту колдонуу 3 революцияга алып келди. Кыргызстанда дагы бир революция мамлекетти жок кылып жибериши мүмкүн. Андыктан акылыбызга келели. Бийлик төбөлдөрүнө, жер-жерлердеги бийлик органдарына кайрылып кетер элем, элдин каалоосуна коюп таза шайлоо өткөрүп берели. Анан дагы бир нерсени айтып өтүү керек. Шайлоо участокторунда көйгөй жок, ал нерсе шайлоо участкасынын сыртында болуп жатат. Бул ошол эле административдик ресурс, добуш сатып алмай, коркутмай, мындай көрүнүштөрдү токтотуш керек. Бүгүн чыныгы эл үчүн ак кызмат кыла турган жетекчи шайланат деген толук ишеничим бар", - деди Улукбек Кочкоров.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg