www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдил Сегизбаев: «Мен үчүн Садыр Жапаров саясатчы эмес»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзү кызматта турган мезгилде камалган саясатчылар Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевдин ишинде саясий мотив жок болчу деп билдирди.

Ал мындай жергиликтүү басылмаларга курган маегинде айтты.

- 2017-жылы президенттик шайлоо алдында бийликке саясий курал болуп калган жоксузбу?

«Биз өзүбүздүн милдетибизди аткарып жаттык. Эгерде колуңда «камалсын» деген соттун чечими болсо сен милдетиңди аткарасыңбы же саясат жөнүндө ойлоносуңбу? Ошол учурда өз милдетимди аткарбасам, мен арызымды жазып кетишим керек эле. Мен үчүн Садыр Жапаров саясатчы эмес болчу. Мен үчүн Садыр Жапаров бирөөнүн тапшырмасы менен Кыргызстанга өзүнүн максаттарын ишке ашырам деп кирип келген адам болчу. Экинчиден күнөөсүн аныктаган соттун чечими бар болчу. Текебаев боюнча. Ал мен үчүн президенттик кызматка талапкер эмес болчу. УКМКда козголгон иш бар болчу, ошол иш менен иш алып бардык», - деп жооп берди Сегизбаев.

Аты аталган эки саясатчы тең өздөрүнүн Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда камалып, кесилишин саясий куугунтук деп баалап келатышат.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду тил кат менен бошоткон. Октябрь окуяларынан кийин БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости