www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев камалгандан кийин экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага да кылмыш иштери козголушу логикага бап келет. Себеби, ал аталган кызматты 2015-жылдын январь айынан 2018-жылдын апрель айына чейин аркалаган. Мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын башында туруп, саясий тапшырмаларды аткаруу, куугунтук кылуу жагынан камчы салдырган эмес.
Абдил Сегизбаев кандай кыянаттык иштерге барса, Индира Жолдубаева да андан кем эмес жаза басканы ачыкталабы?
Буга чейин көмүскөдөгү кылмыш иштери Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда көрмөксөнгө алынып, трайбализм оорусу - жең ичинен сүйлөшүүлөр аркылуу басылганын кайда жашырабыз? Эмесе, бийлик адилеттүү саясат жүргүзүүгө бет алса, анда Жолдубаеванын жосунсуз жоруктарын ачыктайт...
Булак: Азия News гезити