www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- “Барпыда “Жони” аталышындагы парк ачылганына күбө болдук. Камчыбек Ташиевдин агасынын ысымы берилиптир. Коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, талкууга “жем” таштады. Бул боюнча кандай ойдосуз?”

- Барпы айылындагы эс алуучу “Жони” паркынын ачылышы элибизде ар түркүн пикирлерди жаратты. Бирөөсү атын талкууласа, экинчисине парктын жайгашкан жери жакпады. “Кеп айтыла берет, кербен жүрө берет” дейт эмеспи.

Менин жеке пикиримде, ынтымактуу биртуугандардын демилгеси жана чоң эмгеги менен ачылган бул эс алуу паркы журтубуздагы башка айылдардын уулкыздарына сабак болуусу зарыл. Акыркы жылдарда соцтармактарда отуруп алышып, алгылыктуу жаңылыктарга бир жактуу “терс” гана баа бере бербей, биз жакшыны – жакшы катары кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек.

Мен дарыгер катары мындай эс алуучу жайлардын баардык айылдарда болуусун колдойм. Байыркы грек философу Аристотель айткандай: “Кыймыл аракет – бул жашоо”. Ден-соолук үчүн канчалык пайдалуу?

Мисалы, дем алуу системасынын чыңалуусуна, нерв системасынын калыбына келтирүүдө, жөө басуу, чуркоо, велосипед тебүү – бүт эле организмди чыңдоого, кан басымдын нормалдашуусуна, иммунитетти жогорулатууга зор жардам берет.

Андан тышкары, паркта сейилдөө элдердин бири-бири менен мамиле кылуусуна, жакшы маанайда болуусу түрткү берет. Ошого катар жаш балдарды ойнотууга, көңүл көтөрүүдө мындай коопсуз жайдын салынышы өтө маанилүү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости