www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл менен бирге биз дагы атамдан шарият жаатында таалим-тарбия алып калдык. Учурда борбор калаанын четиндеги айылда имаммын.
--Таксыр, алгач өзүӊүз тууралуу кыскача маалымат берсеӊиз?
--Мен 1970-жылы Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында төрөлгөм. Биздин айылдан кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын туӊгуч премьер-министри Насирдин Исанов баштаган көптөгөн белгилүү инсандар чыккан. Биз ошол улуу инсандар ичкен суудан ичип, алар окуган мектептен билим алып чоӊойдук. Мен алар менен дайыма сыймыктанам.
--Эми шарият жаатындагы биринчи устатыӊыз тууралуу айтсаӊыз?
--Менин атам учурунда айылдын молдосу болчу. Ал кезде райондун борборунда гана бир мечит болот эле. Эл ошол мечитке барып жума намазга жыгылышчу. Анан ыраматылык атам айылда динди жайылтуу боюнча чектөөдөн бекинип, жума сайын бир үйдө элди чогултуп шарият жаатында кат-сабатын жойчу. Андан сырткары мектептеги балдар кечинде биздин үйгө чогулуп дин боюнча билим алып: биринчи тамга таанып, андан кийин келмелерди муундап кошуп окуп, акырында куранды үйрөнүшчү.
Атамдын ошол учурда эл жок дегенде куран окуп калсын, шарияттын элге керектүү жакшы жактарын билип алсын деген максаты бар эле. Эл менен бирге биз дагы атамдан шарият жаатында таалим-тарбия алып калдык. Учурда борбор калаанын четиндеги айылда имаммын.
--Атаӊыздан тышкары дагы кимдерден таалим-тарбия алдыӊыз?
--Мектепти бүткөндөн кийин мени атам Аравандагы Абдыда деген молдого табыштаган. Ал киши дагы аалым эле. Абдылда молдодон окугандан кийин Папандагы Жуман молдонун колунан окуп калдык. Бул киши азыр карып калды. Булардан тышкары биздин тоолуу аймакта жайгашкан Карагур айылындагы Муктар дамбылдадан да диний билим алганды уланттык. Ошентип биз акырында баарынын ак батасын алдык. Алар бизге молдо катары өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзгөнгө уруксат беришти. Эми биз бул устаттардын колунан араб тилинин грамматикасын окудук. Анан атам бирөөлөрдүн ажаатын ачсын деп мага өзүнчө касида илимин окуткан.
--Касида демекчи, бул илим качан пайда болгондугун билсеӊиз керек...
--Ар бир пайгамбардын заманында мезгилдин талабына ылайык өзүнүн элине жетиштүү деӊгээлде илим болуптур.
Мисалга алсак, Муса пайгамбардын заманында сыйкырчылык илим өнүккөндүктөн Аллах Таала ага мужизалуу аса таякты карматып сыйкырчылардын баарынын сыйкырын токтото тургани күч берген экен. Иса пайгамбардын заманында болсо элдин арасында көзү ачыктык жана табыпчылык өнүгүптүр. Ошолордон артыкча кылып Иса пайгамбарга Аллах Таала чоӊ табыпчылык мужиза берген. Мухаммед пайгамбарыбыздын учурунда арабдар бизге окшош көчмөн эл болгондон уламбы, аларда да төкмөчүлүк өнөр ошол доордо өнүгүптүр. Мындан сырткары чечендик өнөргө басым жасалгандыктан адамдар бири-бири менен сүйлөшкөндө рубаи (төрт саптар) менен кайрылышчу экен.
Ошол учурда Мухаммед пайгамбарыбызды душмандары жаман сөз менен жаманатты кылып, аны маскаралоо иретинде ырларды төгүп ырдап турганда Аллах Таалам пайгамбарыбызга алардын сөзүнөн ашып кете турган Куранды жөнөткөн. Ошон үчүн ар бир аяттары бири-бирине үндөшүп тургандыктан уйкашып кетет. Мухаммед пайгамбарыбыздын жанында өзүнүн душмандарына каршы турган төкмө акындары да болгон. Алардын пайгамбарыбызды мактап ырдаган ырларына ал “Мени мактап ырдаган ырлар жин оорусуна кабылган адамдарга шыпаа болсун” деп дуба берген. Ошондон кийин бул ырлар жин оорусунан жапа чеккендердин сакайып кетүүсүнө шыпаа болгон. Касида илими эми чындыгында сөздүн күчү катары эсептелинет.
Мындай ыргакталып, иреттелген күчтүү сөздүү атом бомбасы менен салыштырууга болот. Касиданын ичине Курандагы шыпаа аяттардан жана салаваттардан киргизилген. Ошентип булак суусу, кар суусу, жамгыр суусу, мөӊгү суусу топтолуп отуруп акыры чоӊ дарыяга айланган сыяктуу касида дагы чоӊ күчкө айланат. Бул илимди өздөштүрүп алып эле дем салганга болбойт. Анткени өзүнчө машыгуулардан өтүш керек.
Мисалы, “Охотники за привидениям” демекчи, бир жакка согушка баруу үчүн машыгып, согуштун ыкмаларын өздөштүргөндөн кийин биринчи душмандын күчү канчалык деӊгээлде экендигин билүү керек эмеспи. Андан кийин ошого жараша чара колдонулат да. Ошол сыӊары жиндер менен кармашка чыгуу үчүн дагы дубаны өзүнүн чегине жеткире окуп, сынактан өтүүгө туура келет. Чындыгында реалдуу жашоодо бизге параллелдүү түрдө жиндер (демон,дьявол) жашаарын илим далилдеген. “Азыткыга аӊ уулоонун” кыргызча жана башка диний варианттары да бар. Ал эми биздики исламий варианты болуп эсептелинет.
--Молдо катары өзүӊүз шарияттагы парздарды аткарып жүрөсүзбү?
--Беш маал намаз окуп жүрөм. Орозону болсо бала кезимден бери кармайм. Зекет бергенге чындыгында алыбыз жок. Анткени бизде зекетти байлар берет. Ал эми ажыга барганга азырынча мүмкүнчүлүгүм боло элек. Бирок ажыга колунда бар адамдар өмүрүндө бир жолу барышы керек.
--Учурда мектепке салыштырмалуу мечиттер көп салынып жатканы сизге деле маалыма болсо керек. Андан тышкары мечитке жаш балдардын барганы улам көбөйүүдө. Буга эмне демекчисиз?
--Чындыгында азыркы кезде мектепке караганда мечит, бала-бакчага салыштырмалуу медресе көп салынып жатат деп айтып жатышат.
Биринчиден, намазды жамаат менен окуу парз. Экинчиден, мечит десе эле ибадаткана деп түшүнбөш керек. Адам үйүндө отуруп, машинада баратып деле ибадат кыла берсе болот. Бирок, мечит деле мектеп болуп эсептелинет.
Мисалга алсак, бала-бакчада балдар тарбиячылар тарабынан тарбиялангандай эле, мечитти улууларды тарбиялаган мектеп катары түшүнүш керек. Себеби улуулардын жаш балдарга караганда ой-пикири тез бузулат. Балдарды бир нерсе менен алдап койсоӊ чоӊ киши болгуча өмүр бою ишенип жүрө беришет. Ал эми чоӊ киши деген ар нерсени ойлойт. Буга чейин жаш балдардын мечитке барып туура эмес тарбия алганын укпаптырмын...
Нурислам КАБАКБЕКОВ
Булак: NazarNews.kg