www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов ээлеген кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук боюнча орун басары болуп дайындалды.

Анын ордуна Владимир Норов тышкы иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Шавкат Мирзиёевдин тиешелүү жарлыктарына шилтеме берүү менен билдирди.

Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук боюнча орун басары болуп иштеген Бобур Усманов Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 29-мартта тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов акыркы он күндө өнөкөт оорусуна байланыштуу башкы медициналык башкармалыктын №1 Борбордук клиникалык ооруканасында дарыланганын билдирген Абдулазиз Камилов 1947-жылы 16-ноябрда Ташкент облусунун Жаңы жол (Янгиюль) шаарында туулган. СССР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Тарых илимдеринин кандидаты, араб жана англис тилдерин билет.

Камилов СССРдин Ливандагы (кызматы — атташе, 1973-1976) жана Сириядагы (экинчи катчы, 1980-1984) элчиликтеринде иштеген. Андан кийин СССР Тышкы иштер министрлигинин Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн кызматкери, СССР илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун жогорку илимий кызматкери.

СССР тарагандан кийин Камилов 1991-1992-жылдары Өзбекстандын Орусиядагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген. Кийинки эки жыл Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагасынын орун басары болуп иштеген.

1994-жылы апрелде республиканын Тышкы иштер министрлигине министрдин биринчи орун басары болуп келген, күзүндө министрликти жетектеп, 2003-жылга чейин жетектеген. 1998-жылы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин (ДЭДУ) ректору болуп да дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости