www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада каалашынча жар салып, улуттук чыңалууну жараткан, Украинада жашаган теги кыргызстандык Абдураим Рыскулов 24 kgге берген интервьюсунда:

--"Россияны колдогондор жөн гана ойлонуп көрсөңөр: Ошто, Жалал-Абадда, Ноокат районунда өзбектер көп. Ал эми Өзбекстан калкынын саны Кыргызстандыкынан бир нече эсе көп болгон эбегейсиз мамлекет. Эми элестетип көргүлө, алар Жалал-Абадды же Ошту өздөштүрүп алгысы келип жатат, анткени ал жакта өзбектер көп. Биз да бул жерлерди бермек эмеспиз жана Украина 2014-жылдан бери согушуп жаткандай күрөшмөкпүз. Согуш жакында бүтпөйт өңдүү. Бирок бул сыноодон кийин Украинанын эли ынтымактуу болуп, бири-бирибизге көбүрөөк жардам бере баштадык. Жана биз жеңерибизге ишенем!" — деген Абдураим Рыскулов.

Оозуна келгенди оттоп, оюнчугун көтөрүп Ордого кирген оюнкараак баладай болгон мындай жүзү жоктор кайдан-жайдан пайда боло калганы түшүнүксүз. 

Бул көрүнүшкө карата Тышкы иштер министрлиги Украинада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын окуяларга баа берүүдө этиканы сактоону суранып, ТИМ Украинада жашаган кыргызстандык Абдураим Рыскулов тууралуу чыккан көрсөтүүгө билдирүү жасады.

«Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер достуктун, жакшы коңшулаштыктын, стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өнүгүп жатат жана өз ара урматтоонун, мамлекеттик эгемендүүлүктүн, көз карандысыздыктын жана тең укуктуулуктун кебелбес принциптерине негизделген. 

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бул өзгөчөлүк биринчи кезекте жалпы тарыхка, маданий жана руханий баалуулуктарга, көп кылымдык салттарга байланыштуу. 

Демек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиленин бекем пайдубалы жана эң негизгиси бекем өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө эки тараптын умтулуусу бар. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы ар улуттун өкүлдөрү достукта жана ынтымакта жашаган көп улуттуу мамлекет. Ушундан улам биз Украинанын жараны Абдураим Рыскуловдун жүйөөлөрүн туура эмес деп эсептейбиз жана кошуна мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерге баа берүүдө этикалык нормаларды сактоону суранабыз», — деп айтылат КР Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

 Белгилей кетсек, Абдураим Рыскулов Кыргызстандан көчүп барып Украинанын жарандыгын алган.

Кеп, Мекен менен Эгемендүүлүктүн баркын билбеген маңкурттардан качан арылабыз?

Апендинин эшегин тетири минген Абдураимга окшогон кара курсагынын камын, өз керт башынын кызыкчылыгын ойлогон чириндилер мамлекеттин тагдырына терс таасирин тийгизбесе экен. 

 ..."обоого шыйпаң үйүр, обу жокко кыйшаң үйүр"...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости